14:58 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ырчы Самат Долотбаков
© Sputnik / Жасмин Малашева

Долотбаков: "Асманга" окшогон теледолбоор буга чейин болгон эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
104 0 0

Аталган долбоорго калыстык кылган ырчы Самат Долотбаков кастингге 200гө чукул адам келгенин айтты

Кыргызстанда "Асманга" окшогон теледолбоор буга чейин болгон эмес. Бул тууралуу аталган долбоорго калыстык кылган ырчы Самат Долотбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, өлкөдө "Асман" аттуу теледолбоор ишке ашып жатат. Ага вокалдык чеберчилиги жогору жарандар катышса болот. Долбоор КТРКдан көрсөтүлүп, жеңүүчүгө 100 миң сом акчалай сыйлык берилет.

"Асман" вокалдык теледолбоору абдан масштабдуу. Мындай чоң долбоор буга чейин биздин өлкөдө болгон эмес десек жаңылышпайбыз. Кастинг өтүп ага 200гө чукул адам келди. Андан 100 адам өтүп, программага катышты. Долбоор КТРК менен биргеликте өтүп жаткандыктан мунун баары эфирден көрсөтүлөт", — деди Долотбаков.

Ал долбоордо төрт калыс конкурсанттарды электен өткөргөнүн айтып, тандалып алынгандардын арасынан жеңүүчү добуш берүү аркылуу аныкталарын кошумчалады.

Тема боюнча

"Голос" шоусунун аналогу Кыргызстанда өтөт
Белгилер:
долбоорлор, Самат Долотбаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ