02:37 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Момбеков: сомду Кыргызстандан эле чыгарышыбыз керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, улуттук валютаны чыгаруу үчүн жылына 125 миллион сом сарпталат.

Сомду Кыргызстандан эле чыгаруу керек. Бул тууралуу СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.

Эске сала кетсек, бүгүн, 14-сентябрда ЖК Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрөгалыгына бекитти.

"Биздин сом эгемендик алгандан бери Кыргызстанда басылбайт. Казактардын өзүнүн банкноттук фабрикасы бар. А биздин акча бирдиктер Кенияда басылат. Мен канча жылдан бери ушуну менен күрөшүп келем. Бирок Улуттук банктын мурунку жетекчилиги каршы болуп келген. Жылына 125 миллион сом каражат кетет. Эгемендик алгандан бери 2,5 миллиард сом короттук", — деди Момбеков.

Ал эми Кубанычбек Кулматов азырынча бул суроого жооп бере албастыгын айтып, акчаны басып чыгаруу катаал процесс экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду
Белгилер:
сом, Рыскелди Момбеков, Кубанычбек Кулматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ