23:52 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
КРдин эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асел Турдалиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Турдалиева: эми денеме татуировка кылдырбас болдум

Радио
Кыскача шилтеме алуу
831 0 0

Ырчы Анталияда эс алып жүргөндө бутуна эки жумалык татуировка тарттырган

КРдин эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асел Турдалиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде бутундагы татуировкасы үчүн Instagram колдонуучуларынын сынына кабылганын айтты.

"Бирөө комментарийге "эже, ушуну тим эле койбоптурсуз да" деп жазып коюптур. Ал чегилген эмес, жөн гана боелгон сүрөт болчу. Кызым менен Анталияда эс алууда жүргөндө эки жумалык кылып тарттырганбыз. Анан кызым сүрөткө тартып алгандан жүктөп койдум эле. Бул жакка келип тойго барганы камданып жатсам, кыскараак көйнөктөн бутумдагы сүрөт билинип калыптыр. Шым кийип бардым" — деди ырчы.

Ырчы ушул тапта 48 жашын майрамдап жатат.

Асел Турдалиева менен болгон кызыктуу маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кененирээк окуй аласыздар>>

Тема боюнча

Асел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын
Шаршеев: ашыкча чыгымы жок той мамлекетке дагы пайдалуу
Белгилер:
ырчы, Instagram, Асел Турдалиева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ