06:46 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
КР мусулмандар дин башкармалыгынын Үгүт-насаат, даават бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров
© Фото / пресс-служба ДУМК КР

Гапуров: тойлордогу ысырапкорлук — бул күнөө

Радио
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Тойдогу ысырапкорлукту ооздуктоо боюнда ЖК депутаттары менен бирге дин кызматкерлери дагы маселе көтөрүп келет

Ислам дини той-аштагы ысырапкорлукка терс көз карашта экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине КР мусулмандар дин башкармалыгынын Үгүт-насаат, даават бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров айтып берди.

"Ислам дини туугандардын, достордун чогулуп, бири-биринин жакшылыгына ортоктош болуусун колдойт. Бирок шариятта нике кыйылганда, кыздуу болгондо бир кой, уулдуу болсо эки кой союп, тиешелүү адамдарга жар салып койгула деп айтылган. Ал эми ысырапкорлук — бул күнөө. Ислам дини карызга акча алып той берүү, негизи эле насыя алууну дагы туура эмес деп эсептейт. Анын үстүнө той берүү адамга милдеттүү нерсе эмес. Бардык нерсени алына жараша гана кылган туура", — деди Гапуров.

Тойдогу ысырапкорлукка мыйзам деңгээлинде чектөө киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште 2014 жана 2016-жылдары, өкмөттө 2015-жылы козголгон. Бирок бардыгы тең өтөсүнө чыкпай келет.

Тойлордогу ысырапкорлук жана ашыкча чыгымдар боюнча макаланы Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя
Белгилер:
шарият, той, Султанали Гапуров

ЭҢ МААНИЛҮҮ