06:46 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев
© Sputnik / Жасмин Малашева

Солтобаев: Кочкордон табылган мавзолей Караханиддер дооруна таандык

Радио
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев мавзолейден ар түрлүү карапалар табылганын айтты

Кочкор аймагынан Караханиддер дооруна таандык жер алдындагы мавзолей табылды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймакты казуу иштери мындан ары да уланат.

"Кочкордогу тарыхый аймакты казуу иши 1987-жылга барып такалат. Ошондо студент элек. Агайыбыздын арты менен Кочкорго барып, казуу, изилдөө иштерин баштаганбыз. Андан бери бир канча ирет барып казуу иштерин кылдык. 2017-жылы төрт чарчы метр жерди 60 сантиметр тереңдикке казып, жер алдындагы мавзолейди таптык", — деди Солтобаев.

Ал аталган жерден карапынын ар кыл түрү, тыйындар табылганын, тыйындардын жардамы менен мавзолей Караханиддер дооруна таандык экени аныкталгынын кошумчалады.

Тема боюнча

Нарындан табылган XI кылымга таандык күмбөздүн эмне баалуулугу бар экени айтылды
Белгилер:
археология, Кочкор

ЭҢ МААНИЛҮҮ