06:03 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Кытайдын Сыямынь шаарында бизнес багыты боюнча билим алган Илимбек Курманбеков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Курманбеков: дүйнөнүн ар жериндеги кыргыздардын башын бириктиргибиз келет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
126 0 0

Кытайдын Сыямынь шаарында бизнес багыты боюнча билим алган Илимбек Курманбеков демилгени жаштар колдоп жатканын айтты

Жер планетасындагы кыргыздардын башын бириктирүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу демилгенин авторлорунун бири, Кытайда билим алган Илимбек Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар кыл өлкөлөрдөгү кыргыз уюмдарынын башын бириктирүү идеясын көптөр колдоп жатышат.

"Учурда ар бир өлкөдө кыргыздардын уюмдары, диаспоралар бар. Биз ушулардын башын бириктирүүнү демилгелеп жатабыз. Максатыбыз — бир билек болуп, ынтымакты арттыруу. Бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, жардам берүү. Учурда Япония, Россия, Кореядагы студенттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, демилге колдоо табууда. Буюрса, ушул максаттын үстүндө иштеп жатабыз", — деди ал.

Курманбеков учурда Кытайдын Сыямынь шаарында бизнес багыты боюнча билим алат. Ал дымактуу жаштар чогулуп, өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылышы керек деген пикирин билдирди.

Тема боюнча

Ар жердеги кыргыз диаспораларын бириктирип, ассоциация түзүү демилгеленүүдө
Белгилер:
демилге, кыргыз, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ