06:02 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шайлдабекова: негизги милдетибиз — жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу

Радио
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова ал үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык аракетин көрүүдө. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоого арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоо ачык-айкын өтөт.

"Учурда шайлоого даярдык бекитилген календарлык план менен жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссия өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өз ишин улантууда. Эркин, айкын шайлоо өткөрөбүз. Негизги милдетибиз — жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу", — деди Шайлдабекова.

Ал алдын ала түзүлгөн тизме боюнча шайлоочулардын саны 2 миллион 914 миң 586га жеткенин, дагы тактоолор болорун кошумчалады.

Тема боюнча

БШК: көпчүлүк катталган жеринен эмес, Бишкек менен Оштон добуш берүүнү каалайт
Белгилер:
шайлоо, Нуржан Шайлдабекова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ