Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: шайлоону таза өткөрүшүбүз керек

Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоо таза өтпөсө эл анын жыйынтыгын кабыл албайт деген ойдо
Атамбаев: шайлоону таза өткөрүшүбүз керек

Президенттик шайлоо таза өтүшү керек экендигин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Аталган жыйында президенттик шайлоого даярдык жана аны өткөрүү маселелери каралды.

"Азыртан ызы-чуулар болууда. Өткөн парламенттик шайлоодо дагы ызы-чуулар болгон. Айрым телеканалдар мындай ыплас шайлоо болгон эмес деп бапылдаганын көргөм. Аны эл өзү чечет. Шайлоо таза өтсө эл кабыл алат. Болбосо кабыл албай коет. Ошондуктан таза өткөрүшүбүз керек", — деди Атамбаев.

Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0