Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонкулов: кемпирин өлтүрүүгө шектелген абышка психиатриялык ооруканага жөнөтүлөт

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь ошского городского суда Бекзат Осмонкулов
Пресс-секретарь ошского городского суда Бекзат Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
79 жаштагы байбичесин өлтүрүүгө шектелип камакка алынган 83 жаштагы аксакал соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Осмонкулов: кемпирин өлтүрүүгө шектелген абышка психиатриялык ооруканага жөнөтүлөт

Анын айтымында, кармалган шектүүнү сот акыл-эсинен жабыркайт деген чечим чыгарган.

"Ош шаардык соту Кылмыш-процессуалдык кодексиндеги 29-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишти токтотту. Тергөө иштеринин жүрүшүндө атайын түзүлгөн комиссия 83 жаштагы абышка кылган ишине толугу менен жооп бере албайт, акыл-эси жактан жабыркайт деген чечим чыгарган", — деди Осмонкулов.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Малды карабайсың..." 83 жаштагы абышка байбичесин бычактап өлтүрдү
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 14-июлунда саат 18:40 чамасында Ош шаарынын Жапалак айылынын Аттокуров көчөсүндө пенсия курагындагы аял канга боёлуп жаткандыгы тууралуу шаардык милиция бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Ал 79 жашта экени такталган. Кылмышка шектелип жабырлануучунун 83 жаштагы абышкасы кармалып, камакка алынган. Ал суракта мас кезинде кемпири менен айтыша кетип "мал-жанды убагында карап, чөп-суусун берип койбойсуң" деп столдун үстүндөгү бычак менен кулак түпкө сайып жибергенин айткан. Кансыраган жубайы үйүнүн алдына кулап, ошол жерден көз жумган.

Экспертизанын алгачкы корутундусу шектүү киши кылмыш учурунда мас экени аныктаган.

Жубайлар 1956-жылы баш кошуп, эки уул, төрт кызды тарбиялашкан. Неберелери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0