21:53 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабековдун архивдик сүрөтү
© Фото / Нурсултан Жумабеков

Жумабеков: коңурук коңшуга ыңгайсыздык жаратат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
47 0 0

Дарыгердин айтымында, коңурук — бул илдет

Коңурук тарткан адам ыңгайсыз абалга өзү гана туш болбостон, айланадыгыларга да тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Коңурукту ар бир адам эле тарта бербейт. Анын себептери болот. Маселен, мурунга эт өсүп кеткенден, жаракат алгандан же шишип кеткенден улам мурун бүтсө дагы адам коңурук тартып калат. Ангина оорусунда алкым бездери чоңоюп, дем алуу жолдор кысылат. Коңурук тарткан адам айланадагы адамдардын уйкусуна да ыңгайсыздык жаратып, кыжаалатка салат" — деди дарыгер.

Ошондой эле коңурук тартуу денедеги кычкылтекти буугандыктан баш мээ менен жүрөккө күч келип, ден-соолукка олуттуу зыянын тийгизет.

ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабековдун берген маалыматтарын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан кенен окуңуздар>>

Тема боюнча

Шаяхметов: Тез жардам кызматында 64 орун бош турат
Белгилер:
коңурук, ден соолук, Жолчубек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ