Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: Балыкчыда мектепке жакын жолдор өзгөчө көзөмөлгө алынды

© © SputnikСотрудник УВД Балыкчи Талант Жумабеков
Сотрудник УВД Балыкчи Талант Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында "Абайлагыла, балдар" аттуу иш-чара өттү
Жумабеков: Балыкчыда мектепке жакын жолдор өзгөчө көзөмөлгө алынды

Мектептердеги сабактар аяктап, окуучулар үйгө тараганга чейин мектепке жакын жайгашкан жолдор кайгуулчулар тарабынан көзөмөлгө алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Балыкчы ШИИББинин Кайгуул кызматынын тескөөчүсү Талант Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер премьер-министр Сапар Исаковдун жол кырсыктарын болтурбоо максатында профилактикалык иштерди жүргүзүү тапшырмасынан улам аткарылып жатат.

"Жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кайгуулчулар мектепке жакын жолдорду сабак бүткөнчө көзөмөлгө алып жатышат", — деди Жумабеков.

Анын айтымында, Балыкчы шаары боюнча сегиз айда 26 жол кырсыгы катталган. Алардан 21 киши жаракат алса, бешөө каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0