Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаяхметов: Тез жардам кызматында 64 орун бош турат

© Sputnik / Данияр СандыбаевГлавный врач Бишкекской станции скорой медицинской помощи Искендер Шаяхметов
Главный врач Бишкекской станции скорой медицинской помощи Искендер Шаяхметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык тез жардам кызматынын башкы көйгөйү — кадр маселеси
Шаяхметов: Тез жардам кызматында 64 орун бош турат

Сегиз жыл билим алган тез жардам кызматкеринин баштапкы айлыгы 5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу аталган кызматтын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Биздин жумуш абдан оор, айлык болсо аз. Балдар алты жыл окуп, эки жыл клиникалык ординатураны бүтүп, беш миң сом айлык алып жатышат. Учурда 64 орун бош турат, анын 46сын медайым-фелдшерлер. Былтыр мэрия тарабынан айлыктар 2,500-4000 сомго чейин кошулган. Бирок бул бардык көйгөйдү чече албайт. Кызматкерлердин көбү жаштар, алардын айлыгы батир төлөгөндөн артпайт. Ошол себептен да чет мамлекетке кетип же такыр эле жумуш алмаштырып кеткендер көп" — дейт Шаяхметов.

Ошондой эле башкы дарыгер унаа тартыштыгын да белгилеп өттү. Шаар калкына 124 тез жардам унаасы туура келсе, учурда 38 гана машине элди тейлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0