21:53 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Композитор Турдубек Чокиев
© Фото / семейный архив Турдубека Чокиева

Чокиев: мамлекеттик сыйлыкка бир гана Маданият министрлиги көрсөтпөйт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

30-августта өлкө башчысы мамлекеттик наамдар тууралуу буйрукка кол коюп, 150дөй киши сыйлык алды. Өзгөчө "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынын ыйгарылышына коомчулук нааразычылыгын билдирди.

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев Маданият министрлигинин коллегиясынан өтпөй калган айрым кишилерге сыйлык берилгенине таң калганын айтат.

"Сыйлыктардын акыркы бөлүштүрүлүшүнө биздин коллегияда каралгандар негедир кирбей калыптыр. Эмне болгонун билбейм. Наамдар документтери буга чейин тапшырылгандарга берилди дешти", — деди Чокиев.

Ал ошондой эле маданият министрлигинин коллегиясынан өтпөй калган айрым кишилер сыйлыкты кандай жол менен алганын түшүнбөй калганын кошумчалады.

Мамлекеттик сыйлык тууралуу кеңири макаланы Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Тема боюнча

Сыйдан кетирген сыйлык. Мамлекеттик наамдын ызы-чуусу качан токтойт?
Белгилер:
сыйлык, наам, Турдубек Чокиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ