06:03 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Исаков: Мирзиёев Кыргызстанга жакшы жаңылык алып келди

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары (12)
619 0 0

Премьер-министр Сапар Исаков Шавкат Мирзиёевге кыргыз ак сакалдары бата берип жатканын айтты

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга жакшы жаңылык алып келди. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда билдирди.

5-6-сентябрдагы мамлекеттик иш сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте болмокчу. 

"Кыргыздын ак сакалдары сизге батасын берип жатат, Шавкат Миромонович. Иш сапар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргызстандан көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Сөздүн ачыгы 17 жылдан бери мамиле түзүлбөй келген. Аракеттер болгон, бирок азыркыдай эмес болчу. Андыктан сиз кыргызга жакшы жаңылык алып келген адам болуп саналасыз", — деди Исаков.

Белгилей кетсек, кечээ өзбек президенти менен Алмазбек Атамбаев жолугуп, бир топ маанилүү документтерге кол коюлган.

Тема:
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары (12)

Тема боюнча

Өзбекстан президенти менен чек ара маселеси сүйлөшүлдү
Белгилер:
Шавкат Мирзиеев, Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ