Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыкова: көп сыйлыкты жогору жактагылар өздөрү чечип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл артисти Саламат Садыкованын архивдик сүрөтү
Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-августта өлкө башчысы мамлекеттик наамдар тууралуу буйрукка кол коюп, 150дөй киши сыйлык алды. Өзгөчө "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынын ыйгарылышына коомчулук нааразычылыгын билдирди.
Садыкова: көп сыйлыкты жогору жактагылар өздөрү чечип жатат

Аталган сыйлыктын бөлүштүрүлүшү боюнча кыргыз эл артисти Саламат Садыкова дагы өзүнүн пикирин билдирди.

"Чындыгында акыркы мезгилдерде мамлекеттик сыйлык берүү илгеркидей болуп иргелбей, чакчалекейи чыгып калды. Андан сырткары, жогорку жакта президенттик аппарат деген бар. Ошол аппараттагылардын бардыгы эле искусство айдыңында адис катары көрүнөт. Эксперт болуп көп сыйлыкты өздөрү чечип жатат. Бул жагы да бар", — деди Садыкова.

Ал ошондой эле сыйлыктар маалында өз ээсине берилсе эч кимдин нааразычылыгын жаратпайт эле деген пикирин кошумчалады.

Мамлекеттик сыйлык тууралуу кеңири макаланы Speutnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0