Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: китеп окурмандары үч топтон турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу, котормочу Жумадин Кадыров
Улуу тоолор басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу, котормочу Жумадин Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп — маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өткөрүп берүүнүн бирден бир ыкмасы экендиги маалым.
Кадыров: китеп окурмандары үч топтон турат

Китеп окурмандары үч топтон турат. Бул тууралуу "Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу, котормочу Жумадин Кадыров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Негизи китептер окулушу боюнча үчкө бөлүнөт: керектүү, кызыктуу жана баалуу. Керектүү китептерге окуу, илим-билимге байланыштуу эмгектер кирет, аны турмушуңда сөзсүз колдоносуң. Маселен, жол эрежеси, тил үйрөнүүнүн тартиби болушу мүмкүн. Кызыктуу китептерде драма, фантастика, детектив, жомок, курч окуялар коштолот. Баалуу китептер — адамдын жашоого болгон көз карашын, оюн, дүйнө таанымын өзгөртүп, жаңы деңгээлге жетелеп отуруп өзүн таануу абалына келтире турган адабияттар. Алар диний жана эзотерикалык китептер. Демек, окурмандар дагы үч топтон турат" — дейт Кадыров.

Акын жана жазуучу Жумадин Кадыров менен болгон кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0