Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Раев: Лондон менен театр жаатында кызматташууну улантабыз

© Sputnik / Айша КамиловаВ Оше состоялась премьера спектакля "Барсбек"
В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Драматург Султан Раев кызматташуу кыргыз-британ театр долбоорунун алкагында ишке ашып жатканын айтты
Раев: Лондон менен театр жаатында кызматташууну улантабыз

Лондон менен театр жаатында кызматташуу уланат. Бул тууралуу драматург Султан Раев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн жакшы натыйжа чыккан.

"Кыргыз маданиятында жана улуттук театрдын тарыхында чоң маданий окуя болуп жатат. Кыргыз-британ театр долбоору ишке ашып, Бабур атындагы өзбек драмалык театрынын артисттери Уильям Шекспирдин "Ричард — 3" трагедиялык чыгармасын коюшту. Анан эми ушул спектаклди 2017-жылдын ноябрь айында Лондондо коюу макулдашылды", — деди Раев.

Ал кыргыз режиссёрлорунун британиялык театр чеберлеринен сабак алуусун шарттоо аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0