Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: мүмкүнчүлүк болсо эле мугалимдердин маянасын көбөйтөбүз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Государственной комиссии по переходу на цифровое телерадиовещание в КР
Заседание Государственной комиссии по переходу на цифровое телерадиовещание в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева аталган маселе өкмөттүн кароосунда экенин айтты.
Кудайбердиева: мүмкүнчүлүк болсо эле мугалимдердин маянасын көбөйтөбүз

Мүмкүнчүлүк болоору менен мугалимдердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жыл сайын үч миңге жакын мугалим жетишсиз болуп келсе быйыл 467 орун бош калган.

"Мугалимдерге мотивация берүүдө эң алгач маянаны көтөрүү керек. Мына 2011-жылы бюджеттеги кыйынчылыктарга карабастан кескин түрдө мугалимдердин айлыгын көтөргөнбүз. Бирок бул деле аз. Андыктан маселе өкмөттүн күн тартибине киргизилген десек болот. Мүмкүнчүлүк болсо эле алардын айлыгын көтөрүү аракети көрүлөт", — деди министр.

Ал жаштар арасында мугалим болууну каалагандар көбөйүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0