Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташыбекова: бала кезимден эле кулагым саясатка бышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековПартиялык иштмер, экс тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова маек учрунда
Партиялык иштмер, экс тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул аптада 1967-жылдан тарта партиялык жана мамлекеттик иштерде эмгектенип, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп эмгектенген Жамал Ташыбекова 80 жашка толду.
Ташыбекова: бала кезимден эле кулагым саясатка бышкан

Ташыбекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде саякатка аралашып калышына таежесинин таасири себеп болгонун айтып берди.

"Карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам курулушчу болуп эмгектенген, мен экиге чыкканда жумуш үстүнөн каза тапты. Апам балдар үйүндө иштечү. Атабыздан айрылганда таежелерим оор турмушту сездирбей жардам берип турушту. Бир таежем ок чыгарган цехтин партиялык уюмунун катчысы болуп иштеген. Үйгө келгенде саясаттан узун кеп улап, кичинемден эле кулагым саясатка бышты", — деди Ташыбекова.

Жамал Ташыбекованын жашоосу, эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0