Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талант Канатбек уулу: Ош шаарында айттын урматына жарандар акысыз жүрө алышат

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош, Сергей ЛапушкинОш шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулуyнун архивдик сүрөтү
Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулуyнун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулу демилге экинчи ирет ишке ашып жатканын айтты
Талант Канатбек уулу: Ош шаарында айттын урматына жарандар акысыз жүрө алышат

Курман айт майрамынын урматына Ош шаарынын тургундары жана коноктору акысыз жүрө алышат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Талант Канатбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси менен уюштурулуп жатат.

"Бул жылы 1-сентябрь күнү кош майрамдын урматына эртең мененки саат 7:00дөн кечки 21:00гө чейин коомдук транспорт шаардыктарга акысыз кызмат көрсөтөт. №12-13-багыттагы 25 автобус жана №1-2-багыттагы 15 троллейбус бөлүндү. Аталган маршруттук схема боюнча жүрүүчү коомдук транспорт калаанын борбордук делинген көчөлөрү менен бир күн бою жарандарды акысыз тейлейт", — деди Канатбек уулу.

Эске сала кетсек, мындай демилге Ош шаарында экинчи ирет уюштурулууда. Ушул жылдын 27-майында Орозо айт күнүнүн урматына алгачкы жолу коомдук транспортто жүрүү бекер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0