Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Давлетбаев: юридикалык жактарды каттоо иши жеңилдейт

© Sputnik / Исмаил МамытовӨкмөткө караштуу "Жөнгө салууну тутумдук талдоо" долбоорунун эксперти Жанабил Давлетбаев
Өкмөткө караштуу Жөнгө салууну тутумдук талдоо долбоорунун эксперти Жанабил Давлетбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу "Жөнгө салууну тутумдук талдоо" долбоорунун эксперти Жанабил Давлетбаев учурда каттоодогу негизги көйгөйлөр аныкталып аларды чечүү жолдору каралып жатканын айтты
Давлетбаев: юридикалык жактарды каттоо иши жеңилдейт

Юридикалык жактарды каттоо иши жеңилдейт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу "Жөнгө салууну тутумдук талдоо" долбоорунун эксперти Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Жөнгө салууну тутумдук талдоо" долбоору ишкерлердин көйгөйүн чечүү үчүн түзүлүп, учурда ушул тармак боюнча мыйзамдарды иликтеп келет.

"Бүгүнкү күндө юридикалык жактарды каттоодо бирдиктүү терезе иштейт. Анын негизги максаты — ишкерлердин каттоодон өтүүсүн жеңилдетүү. Бирок ал толугу менен максатына жеткен жок. Анткени каттоо бүткөндөн кийин ишкер кайра эле Салык кызматына, Социалдык фондго кошумча маалымкаттарды алууга барат. Биз ушул көрүнүштү жоюп, ашыкча документтерге бөгөт коюну өкмөткө сунуштадык", — деди Давлетбаев.

Ал, мындан сырткары, юридикалык жактын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү дагы жоюу сунушталып жатканын кошумчалады. Анткени катталгандыгы тууралуу күбөлүк алуунун зарылчыгы деле жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0