Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алиханов: "Ош электр" ишканасына бирдиктүү терезе ачуу учур талабы болчу

© Фото / Зульфия Тургунова"Ош электр" ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алиханов. Архив
Ош электр ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алиханов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ишкананын маалымат катчысы Талгат Алиханов жарандар жаңы өзгөртүүлөргө акырындык менен көнүп жатышканын айтты
Алиханов: "Ош электр" ишканасына бирдиктүү терезе ачуу учур талабы болчу

"Ош электр" ишканасына бирдиктүү терезе ачуу учур талабы болчу. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.

Эске сала кетсек, "Ош электр" ишканасы кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе бөлүмүн ачкан эле.

Бул бөлүм жарандардын электр кубатына байланыштуу кайрылууларын, көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, жардам көрсөтүү үчүн ачылган.

"Буга чейин жарандар маселесин чечүүдө бюрократиялык көйгөйлөргө кабылчу. Анын арты менен убакыт кетирип, тоскоолдуктар жаралып келген. Ушундан улам бирдиктүү терезе ачуу талабы курч болчу. Учурда жарандар жаңы өзгөртүүлөргө акырындык менен көнүп жатышат", — деди Алиханов.

Шаар тургундары бирдиктүү терезе бөлүмүнө 03656 8 50 86 номуру аркылуу кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0