Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калдыбаев: мектептерде 500гө чукул мугалим жетишпейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаместитель министра образования и науки Салидин Калдыбаев
Заместитель министра образования и науки Салидин Калдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев бул жакшы көрсөткүч экенин, буга чейин бош орундар үч миңге чейин жеткенин айтты
Калдыбаев: мектептерде 500гө чукул мугалим жетишпейт

Бүгүнкү күндө мектептерде 500гө чукул мугалим жетишпейт. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурунку жылдарга салыштырмалуу бул жакшы көрсөткүч.

"Буга чейин жылына үч миңге чейин мугалим жетишпей көйгөй жаралчу. Агартуучулардын маянасын жогорулатуунун негизинде аталган кесипке кызыккандардын катары калыңдады. Мугалим болобуз деген жаштар дагы көбөйүп жатат десек болот. Учурда бош орундар кыскарып, алардын саны 467ге жетти", — деди Калдыбаев.

Ал бул көйгөй боюнча буга чейин атайын жыйын болгонун, чечүү жолдору каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0