Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: сентябрда "Жаңы доорго кырк кадам" программасы ишке киргизилет

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева
Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева аталган программанын алкагында мектептеги билим берүүнүн сапаты жакшыраарын айтты.
Кудайбердиева: сентябрда "Жаңы доорго кырк кадам" программасы ишке киргизилет

Быйылкы окуу жылында "Жаңы доорго кырк кадам" программасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган программанын алкагында мектептеги билим берүүнүн сапаты жакшырат.

"Жаңы окуу жылына даярдык жакшы деп айтсак болот. Быйылкы окуу жылына өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасы менен кирип жатабыз. Бул программанын алкагында үч багытта иштейбиз. Биринчиси мыкты мектеп, экинчиси бел болчу билим, акыркысы из калтырчу илим", — деди Кудайбердиева.

Ал жаңы окуу жылына карата мектептер толугу менен даяр экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0