Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязбекова: кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаралды

© Sputnik / Табылды КадырбековМэриянын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова
Мэриянын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова муниципалитет кызматкерлери кызыгуу менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышканын айтты.
Ниязбекова: кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаралды

Бүгүнкү күндө кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаралды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, муниципалитет кызматкерлери кызыгуу менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат.

"Бишкек мэриясында документтер кыргыз жана орус тилинде жазылат. Андыктан документтерди кыргыз тилине өткөрүү мурунтан эле башталган десек болот. Ал эми учурда кызматкерлерге кыргыз тилин окутууга басым жасап жатабыз. Алар бир гана кыргызча сүйлөгөндү эмес, кыргызча жазганды да өздөштүрүп жатышат. Учурда окутуулар "Кыргызтесттин" жардамы менен жүрүүдө", — деди Ниязбекова.

Ал Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май райондук администрациялары иш кагаздарын толугу менен кыргызчага өткөргөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0