Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гыязов: базардагы баш аламандыктан өрт өчүрүүчү машина кеч жетти

© Sputnik / Улан МаккамбаевБаткен шаарындагы Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Адилбек Гыязов
Баткен шаарындагы Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Адилбек Гыязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен шаарындагы өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Адилбек Гыязов атайын машыгуу учурунда ар кыл көйгөйлөр аныкталганын айтты
Гыязов: базардагы баш аламандыктан өрт өчүрүүчү машина кеч жетти

Базардагы баш аламандыктан улам өрт өчүрүүчү машина "кырсык" болгон жерге кеч жетти. Бул тууралуу Баткен шаарындагы Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Адилбек Гыязов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, Баткен шаарындагы борбордук базарда өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуу өттү.

"Баткен шаарынын борбордук базарында өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуу өтүп, жыйынтыгында өрттүн очогуна өз убагында жете албай калдык. Буга базардагы сатуучулардын башаламан отуруп, жолду тосуп алышканы себеп болду. Мындан сырткары, башка уунаалар өрт өчүрүүчү машинага жол бошотпой коюшту", — деди Гыязов.

Ал базардын жетекчилигине эскертүү берилгендигин кошумчалады.

Ошондой эле облустун Экологиялык техникалык инспекциясы тарабынан да эскертүүлөр берилип, 20 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Өз кезегинде базар жетекчилиги соода түйүндөрү жайгашкан жерди жакынкы күндөрү иретке келтирерин убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0