Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Улар Омор Эшбото: Кыргызстанда биринчи ирет трактордун тетиктери чыгарылууда

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Дыйкан плюс" компаниясынын директору Улар Омор Эшбото
Дыйкан плюс компаниясынын директору Улар Омор Эшбото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дыйкан плюс" компаниясынын директору Улар Омор Эшбото аталган тетиктерден тракторлор куралып жатканын айтты
Улар Омор Эшбото: Кыргызстанда биринчи ирет трактордун тетиктери чыгарылууда

Кыргызстанда биринчи ирет трактордун тетиктери чыгарылууда. Бул тууралуу "Дыйкан плюс" компаниясынын директору Улар Омор Эшбото Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тетиктердин жардамы менен өлкөдө тракторлор куралууда.

"Учурда дыйкандарга керектелчү шаймандардын 40тан ашык түрүн жасап жатабыз. Алардын арасында чөп чапкычтар, соко, мала, картошка казгыч, буудай чогулткучтар бар. Мындан сырткары, Кыргызстанда биринчи ирет трактордун тетиктерин чыгарууга жетиштик", — деди Улар Омор Эшбото.

Ал Кыргызстанда куралган тракторлордун кыймылдаткыч сыяктуу негизги тетиктери Германиядан алып келинерин, Кыргызстанда азырынча майда-барат тетиктери гана өндүрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0