Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акунов: Ысык-Көлгө дүйнө жүзүнөн келген мүнүшкөрлөр чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга Африка, Европа, Азия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн 150 мүнүшкөр келет.
Акунов: Ысык-Көлгө дүйнө жүзүнөн келген мүнүшкөрлөр чогулат

Кыргызстанда 50дөй өлкөдөн келген мүнүшкөрлөрдүн катышуусунда форум өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү жана президенти Алмаз Акунов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык деңгээлдеги иш-чарада алгыр куштарды сактоо, коргоо маселелери талкууланат.

"Форум 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо этнокомплексинде башталып, 7-сентябрда Тоң районундагы Боз салкын жайлоосунда улуттук оюндар менен жыйынтыкталат. Анын алкагында алгыр куштарды сактоо, коргоо маселери талкууланып, бүркүт, ителги жана тайгандардын көргөзмөсү болот. Андан сырткары, чет мамлекеттен келген жаш мүнүшкөрлөрдүн эл аралык фестивалы жана өспүрүмдөр арасында жаа атуу боюнча мелдештер уюштурулат", — деди Акунов.

Куштарды коргоого багытталган иш-чарага Африка, Европа, Азия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн 150 мүнүшкөр келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0