Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубатов: Ошто жыл башынан бери жол кырсыгынан 66 адам каза болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облусу боюнча Кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов
Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейддин максаты жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнүн алдын алуу болуп саналат
Кубатов: Ошто жыл башынан бери жол кырсыгынан 66 адам каза болду

Ош облусунун аймагында Кайгуул милиция бөлүмү тарабынан Кара-Суу, Өзгөн, Араван райондорунда "Үгүт жүрүш" жана "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө.

Жол кырсыгынан жабыркаган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ошто жол четинен машина коюп кеткен кыз ооруканага жетпей үзүлдү
Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатовдун айтымында аталган иш-чара 21-августтан 20-сентябрга чейин уланат.

Рейддин максаты жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнүн алдын алуу болуп саналат.

Кубатовдун айтымында, акыркы кезде катталган жол кырсыктардын 37 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактабагандыгынан, 42 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда.

"Жыл башынан бери Ош облусу боюнча 429 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 66 адам каза болуп, 693 киши түрдүү жаракаттарды алган", — деди Кубатов.

Ал эми жаш өспүрүмдөр кабылган жол кырсыгынын саны 143кө жетип, андан тогуз бала набыт болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0