Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Актан Арым Кубат: "Кентавр" тасмасы Финляндияда алгачкы ирет көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Актан Арым Кубаттын архивдик сүрөтү
Режиссер Актан Арым Кубаттын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма
Актан Арым Кубат: "Кентавр" тасмасы Финляндияда алгачкы ирет көрсөтүлөт

"Кентавр" тасмасы Финляндияда алгачкы ирет көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган тасманын режиссеру Актан Арым Кубат Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Финляндиялыктар "Кентаврды" 14-24-сентябрда көрө алышат.

"Сүйүү жана Анархия" деп аталган кинофестивалга тасмабыз чакыруу алды. Буюрса "Кентавр" Финляндияда алгачкы ирет көрсөтүлгөнү жатат. Кечээ жакында эле Астанада кинофестивалга катышып, мыкты режиссер аталдык", — деди Актан Арым Кубат.

Кинофестивалга катышып жаткан фильмдер Хельсинкинин 17 кинотеатрында көрсөтүлмөкчү.

Буга чейин "Кентавр" бир канча ири кинофестивалдарга катышып, бир нече ирет байгелүү орундарга татыган.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.

Жаңылыктар түрмөгү
0