Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: жеңишке ишенбесем шайлоого барбайт элем

Жазылуу
КСДП партиясынан ажолукка аттанган Сооронбай Жээнбеков БШКга талапкер катары катталды
Жээнбеков: жеңишке ишенбесем шайлоого барбайт элем

Жеңишке ишенбесем шайлоого барбайт элем. Бул тууралуу КСДП партиясынан ажолукка аттанган Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков премьерликти тапшыра турганын дагы кошумчалады.

"Тарапташтарым мени шайлоо бүткөнчө кызматтан кетпей турушумду суранды. Мен баарын салмактап туруп, кызматты тапшыруу боюнча чечим кабыл алдым. Шайлоого бирдей аттандаштыкта катышкым келет. Жеңишке ишенбей туруп шайлоого барбайт болчумун. Ишенген үчүн катышып жатам", — деди Жээнбеков.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0