Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: интернеттеги видеодо ыйлаган бала апасы менен калам деди

© Sputnik / Максат ЭлебесовҮй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаеванын архивдик сүрөтү
Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева учурда бала апасы менен Кара-Суу районунун Сарай айылында жашап жатканын айтты
Жумабаева: интернеттеги видеодо ыйлаган бала апасы менен калам деди

Интернеттеги видеодо ыйлаган бала апасы менен калууга макул болгонун Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, жаш баланы күчкө салып ыйлаткан бойдон алып кетип жаткан видео интернетке жарыяланып коомчулуктун талкуусуна алынууда. Жаңжалдуу окуя Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында болгон.

Видеодо ыйлап жаткан Акжол Орозалиев 10 жашта. Ал бир туугандарынын улуусу, андан кийин 9 жаштагы карындашы жана 5 жашар иниси бар. Ата-энеси 11 жылдан бери Москвада иштеп жүргөн. Акжол бир жашынан тарта чоң энесинин колунда чоңойгон. Атасы Мамбетхалил Орозалиев өткөн жылдын июль айында жол кырсыгынан улам каза болуп калган.

Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева учурда бала апасы менен Кара-Суу районунун Сарай айылында жашап жатканын билдирди.

"Социалдык кызматкерлер Акжол жашап жаткан үйгө барып абал менен таанышып келишти. Анда ал апасы жана бир туугандары менен калгысы келгенин айткан. Чоң энеси ага "сен кетип калсаң мен өлүп калам" деп койгон экен. Анан да чоочун кишилер, милиционерлер барса коркконунан да ыйлап кетпейм дептир. Бала жашап жаткан үйдө жакшы шарттар каралган", — деди Жумабаева.

Ошол эле учурда күчкө салып алып кетүү туура эмес болгонун белгилеп, алдын ала бала менен сүйлөшүп өзү көнгөндөн кийин гана алып кетүү керек эле деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0