Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырмышев: WEF Global-9 турниринде жеңилип көрбөгөн мушкерлер урушат

© Sputnik / Данияр СандыбаевWEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин архивдик сүрөтү
WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев мыктылардын кармашы кызыктуу болорун айтты
Кыдырмышев: WEF Global-9 турниринде жеңилип көрбөгөн мушкерлер урушат

8-сентябрда өтө турган WEF Global-9 турниринде буга чейин жеңилип көрбөгөн мушкерлер урушат. Бул тууралуу WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, турнирде кыргызстандык спортчулар арасында ММА боюнча чемпиондор аныкталып, Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга жыйынтыгы чыгарылат.

"Биздин максат — биринчи кезекте өзүбүздүн мыкты мушкерлерди аныктап алуу. Турнирдин кызуу беттеши Ариет Бекишев менен Мырзамидин Пазылов жана Бектемир Азимжан уулу менен Ринат Саякбаевдин ортосунда болуп, "октагандо" чемпиондук кур үчүн ат салышат. Турнирдин жалпы чыгымы 2 миллион сомду түзөт", — дейт Кыдырмышев.

Ошондой эле 27-августта WEF Proffight турнири Ат-Башыда жана Москвада бир күндө өткөрүлөт.

WEF беттештери 4 серияда өтөт. Алар: спорт сүйүүчүлөр үчүн — Amateur, тандап алуу — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global.

Жаңылыктар түрмөгү
0