Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпов: 193 балага ылайыкташкан мектепте миңден ашуун бала окуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Таалай Жакыпов
Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Таалай Жакыпов катаал шартта балдардын билим алуусу оор экенин айтты.
Жакыпов: 193 балага ылайыкташкан мектепте миңден ашуун бала окуп жатат

Бишкектин жака белиндеги "Ак-Бата" жаңы конушунда 193 балага ылайыкташкан мектепте миңден ашуун бала окуп жатат. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Таалай Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы конуштарда мектептин жетишсиздиги — башкы көйгөйлөрдүн бири.

"Ак-Бата", "Адилет" жана "Ак-Жар" конуштарында болгону бир мектеп бар. Ал мектеп 193 балага гана ылайыкташкан. Бирок учурда миңден ашуун бала окуп жатат. Ысыкта кыйналаган балдар кантип татыктуу билим алып, мугалимдер кантип сабак өтмөк эле", — деди Жакыпов.

Ал учурда жаңы мектеп салуу үчүн демөөрчүлөр бар экенин, бирок жер тилкеси бөлүнбөй жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0