Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акулов: таксисттер кырсыкка учураганда жол жаман деп эч ким айтпайт

© Фото / Тимур Тынчтыкбеков Бишкек — Кербен каттамында жүргүнчү ташып иштеген Ажыбек Акулов
Бишкек — Кербен каттамында жүргүнчү ташып иштеген Ажыбек Акулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын алты айында региондорго эл ташыган унаалардын катышуусу менен 258 жол кырсыгы болуп, 20 адам каза тапты.
Акулов: таксисттер кырсыкка учураганда жол жаман деп эч ким айтпайт

Таксисттердин унаа кырсыгына кабылышына көпчүлүк учурда жолдордун начарлыгы жана анда татыктуу кызмат көрсөтүлбөгөнү себепкер деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек — Кербен каттамында жүргүнчү ташып иштеген Ажыбек Акулов билдирди.

"Эл ташып иштеген унаалар абдан көп болгондуктан, атаандаштык күч. Эртең мененки жетиден тарта кардар күтүп отуруп, кечинде жолго чыгарда чарчап каласың. Анүстүнө түштүккө каттаган жолдор абдан катаал. Машина көп же жаан-чачын болсо Төө-Ашуудагы тоннелден чыккыча эле эсиң ооп калат. Анан таксисттер жол кырсыгына учураса, эч ким ага жол күнөөлүү экенин айтпайт", — деди таксист.

Ошондой эле ал 4-5 күн эл чогултуп отуруп кылган каттамынан араң 4 миң сомдун тегерегинде акча табарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0