Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матисаков: быйыл 80 билим берүү объектиcи колдонууга берилет

© Фото / Государственное агентство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства урак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков
урак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өлкө боюнча 264 социалдык объект оңдолуп жана курулуп жатат. Ага мамлекеттик казынадан беш миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Матисаков: быйыл 80 билим берүү объектиcи колдонууга берилет

Кыргызстанда курулуп жаткан мектептердин 14ү 1-сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 80 мектеп, спорт зал жана бала бакчалар куруулуда. Анын ичинде 14 мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

"Быйыл 80 билим берүү объектиcин колдонууга берүүнү пландап жатабыз. Алардын арасында мектеп, спорт зал, бала бакчалар бар. Буюрса сентябрь айында 14, октябрда 13, ноябрда 20 жана жыл соңуна чейин 33 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалып жатат. Алардын өз мөөнөтүндө берилбей калышына биринчиден курулуш ишиндеги кыйынчылыктар, экинчиден каржынын кечиктирилиши себеп болууда", — деди Матисаков.

Өлкө боюнча 264 социалдык объектиде оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ага мамлекеттик казынадан беш миллиард сомдон ашык каражат каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0