Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманова: 27-августка чейин батирдин ижарасын төлөбөсөк, көчөдө калабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков13-жашар Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова маек учурунда
13-жашар Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базарда желим баштык терип, үй-бүлөсүн баккан окуучу кыз Айчүрөк кайрымдуу адамдардын жардамы менен былтыр бардык шарттары бар үйгө киргизилген
Сулайманова: 27-августка чейин батирдин ижарасын төлөбөсөк, көчөдө калабыз

Батирдин ижара акысын төлөп жүргөн кайрымдуулук мекемеси мындан ары колдоодон баш тарткандыктан, үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда экенин Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Айрымдар бизге үй берди деп түшүнүп калышыптыр. Кыргызстанда иштеген эл аралык кайрымдуулук фондусунун жетекчиси өзү балдарымдын мектебине жакын жерден ижара акысын төлөп, батирге киргизген. Эми ошол уюмдун бул жактагы жетекчилги алмашып кетип, үйдүн ижарасын төлөөдөн баш тартышты. Август айыныкын төлөй элекпиз, үй ээси 27-августка чейин убакыт берди", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал майыптыгы үчүн эки миң сом, уулу менен кызына бир миң гана сом пособие алгандыктан, Айчүрөк кайра эле иштөөгө мажбур болуп жатканын кошумчалады.

Окуудан калып, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн өзүнө алган Айчүрөк тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0