Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 450 чакырымды велосипед менен өтүшү эрдик

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция на тему "Проехать 450 километров вслепую: до Бишкека добрались незрячие веломарафонцы"
Пресс-конференция на тему Проехать 450 километров вслепую: до Бишкека добрались незрячие веломарафонцы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бул кадамы башкаларга үлгү болгонун айтты
Ибраев: мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 450 чакырымды велосипед менен өтүшү эрдик

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 450 чакырымды велосипед менен басып өтүшү эрдик. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар Алматы шаарынан тарта Бишкекке чейин велосипед менен жүрүш жасашты.

"Кыргызстанга Алматыдан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын велосипед менен келиши бизди абдан кубантты. Силердин 450 чакырымды велосипед менен басып өтүшүңөр мактоого татыйт. Бул эрдик. Бишкекке чейин келип, бизге дух, дем бердиңиздер", — деди Ибраев.

Ал мындай иш-чаралар эки өлкөнүн достугун бекемдей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0