Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: аскерде чогуу кызмат өтөгөндөр адам өлтүрүүгө шектелүүдө

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиРуководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев
Руководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев шектүүлөр кармалып, тергөө башталганын айтты
Ашырбаев: аскерде чогуу кызмат өтөгөндөр адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Аскерде чогуу кызмат өтөгөндөр адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып кабарлады.

Анын айтымында, 11-август күнү саат 22:30дар чамасында Ноокаттын Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан күч колдонулуп өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган. Ыкчам тергөөчүлөр ал буга чейин изделип жаткан Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын 25 жаштагы жашоочусу экенин аныкташкан. Ал эми ага таандык Lexus IS200 үлгүдөгү унаасы Бишкектин Свердлов районундагы булгары заводунун жанындагы бак-дарактардын арасынан табылган.

"Аталган факты боюнча шектелип Балыкчы шаарынын 22 жаштагы жана Талас районунун 21 жаштагы тургундары кармалган. Алардын бири аскердеги милдетин декабрь айында өтөп бүтсө, экинчиси Ош шаарындагы аскер бөлүктүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан", — деди Ашырбаев.

Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ашырбаев: Ош облустук ИИБи эс алуу жайларындагы абалды тыкыр көзөмөлдөөдө
Анын айтымында, балдардын бири 29-июлда Балыкчыдан Ош шаарына келип, аскерде бирге кызмат өтөгөн достору менен жолугушкан. Акчасы жок калганда бир досу менен жолугуп, унаа уурдап сатуу тууралуу макулдашышкан. Алар 5-август күнү саат 20:30дар чамасында Оштун Анар кичи шаарчасына келип, жолдун четинде токтоп турган Lexus IS200 унаасынын айдоочусунан Аравандын Гүлбаар айылына жеткирүүнү суранышкан. Бирок айтылган дарекке жетпей айдоочуну муунтуп өлтүрүшкөн.

Андан соң унааны айдап Бишкекке келишкен да, 26 жаштагы бөлөсүнөн сатып берүүнү суранган. Бирок ал макул болбогондуктан, унааны булгары заводдун жанына токтотуп кетишкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0