Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкариева: "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пункттары эл аралык болуп өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРедакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
Редакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматынын өкүлү аталган өзгөртүүлөр буга чейинки демилге ишке ашса гана болорун кошумчалады.
Абдыкариева: "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пункттары эл аралык болуп өзгөрөт

"Кең-Булуң – автодорожный", "Токмок – автодорожный" көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусу өзгөрсө ал жерден Кыргызстан менен Казакстандын жарандарынан сырткары башка жарандар дагы өтө алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри менен жолугуп, "Кең-Булуң – автодорожный", "Токмок – автодорожный" көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун өзгөртүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

"Учурда аталган өткөрүү пункттары жай мезгилинде гана иштеп, эки тараптуу гана кызмат көрсөтөт. Тагыраагы, кыргыздар менен казактар гана өтө алышат. Андыктан бул пункттарынын статусун көп тармактуу кылып өзгөртүү сунушталган. Демилге ишке ашса өткөрүү пункттары эл аралык болуп, башка өлкө жарандары дагы өтүүгө укук алат", — деди Абдыкариева.

Белгилей кетсек, Жээнбеков Астана шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0