Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолчиев: курулушка иштегени жаткан жаш балдар бир айлык даярдоодон өтүшү керек

© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииМамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары курулуш объектилеринде жабыр тартып же каза болгон куруучулар тууралуу көп айтыла баштады.
Жолчиев: курулушка иштегени жаткан жаш балдар бир айлык даярдоодон өтүшү керек

Учурда курулуш тармагындагы кырсыктарга атайын даярдыгы, билими жок жаш балдардын иштеп жатканы себепкер экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев билдирди.

"Эмгек кодексине ылайык жашы 18ге чыга элек балдарды куруучу кылып жумушка алууга болбойт. Бирок 16-17 жаштагы балдар тааныштары аркылуу жумушка кирип кеткен учурлар көп. Айрымдары мектепти бүтүп-бүтө электер. Анан албетте алар техникалык коопсуздукту сакташпайт, ал тууралуу түшүнүгү дагы жок", — деди Жолчиев.

Анын айтымында, жаштарды жумушка алууда курулуш аянтында өзүн туура алып жүрүү боюнча маалыматтарды берген бир айлык даярдоо курсунан өткөрүү зарыл.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда иш алып барган курулуш компаниялары жумушчуларынын 15-20 пайызы менен гана келишим түзөт. Калган жумушчулар келишимсиз иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0