Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курбанова: жаңы муундагы китептер быйыл 56 мектепте апробацияланат

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРСпециалист Минобразования КР Чинара Курбанова
Специалист Минобразования КР Чинара Курбанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апробациялоо ишине 1,5 миллион доллар акча каражаты жумшалып, эки класстын ар бир сабагына 800дөн китеп чыгарылат.
Курбанова: жаңы муундагы китептер быйыл 56 мектепте апробацияланат

Сентябрь айынан тарта Кыргызстандагы 56 мектеп 5-6 класстын предметтери боюнча апробациялоодон өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Чынара Курбанова билдирди.

Анын айтымында, жаңы иштелип чыккан китептер кийинки окуу жылында толугу менен колдонууга берилет.

"Апробациядан өтө турган китептер окумуштуулардын текшерүүсүнөн жана атайын экспертизадан өткөрүлдү. Эми министрлик ал китептерди жаңы башталган окуу жылында өлкөдөгү 56 мектепте сыноодон өткөрүп, андан кийин аны көп санда чыгара баштайт. Учурда 5-6-класстар үчүн китептер өзгөртүлүп, сентябрдан баштап жарым-жартылай колдонууга берилет. Анда китептердин мазмуну иш жүзүндө сыналып, мугалимдердин сын-пикирлери эске алынат. Ошентип ал китептер 2018-2019-окуу жылында толукталып пайдаланууга берилет", — деди Курбанова.

Ал ошондой эле бул долбоордун алкагында окуу программалары дагы өзгөртүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Аталган аракеттерди ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 1,5 миллион доллар акча каражатын бөлгөн. Анын негизинде эки класстын ар бир сабагына 800дөн китеп чыгарылып, жер-жерлерге жеткирилет.

Окуу китептеринин жаңыланышы, окуу программасынын өзгөрүшү тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалдынан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0