Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мырзагулов: эртең Оштун троллейбустары атайын комиссия менен катташат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваРуководитель Ошского муниципального автомобильного предприятия Расулбек Мырзагулов
Руководитель Ошского муниципального автомобильного предприятия Расулбек Мырзагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында бүгүн эртең менен иш таштаган троллейбус айдоочулары жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кайрадан каттамга чыгышты
Мырзагулов: эртең Оштун троллейбустары атайын комиссия менен катташат

Сүйлөшүүлөр маалында айдоочулардын талабы аткарылып, электр энергиясы үчүн деп алынган 80 сомдук төлөм жоюлганын Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Расулбек Мырзагулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анткен менен аталган төлөм киргизилгенде жеңилдик катары 300 сомдон 250 сомго түшүрүлгөн иш-планы кайрадан мурдагы өлчөмүнө келип калышы мүмкүн экени айтылды.

"Эртең мэрия кызматкерлеринен, айдоочулардан жана биздин ишкананын өкүлдөрүнөн турган комиссия бир троллейбус менен чогуу каттамга чыгып, канча акча түшүп жатканын текшерүүгө алышат. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны жетиштүү болсо, иш планы мурдагы өлчөмүнө келип, ар бир каттамга 300 сомдон төлөп калышы мүмкүн", — деди жетекчи.

Маалыматка караганда, бир күндө ар бир троллейбус жети каттам аткарат. Ошондо буга чейин ар бир айдоочу күнүнө 560 сомдон электр энергиясы үчүн төлөп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0