Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязалиева: "Сармерден" дагы эки жылга чейин уланат

© Sputnik / Жоомарт УраимовРежиссер ОТРК Сагын Ниязалиева
Режиссер ОТРК Сагын Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКдагы "Кыз-жигит. Сармерден" долбоорунун жарык көргөнүнө беш жылдан ашса дагы берүү азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек.
Ниязалиева: "Сармерден" дагы эки жылга чейин уланат

"Сармерден" дагы эки жылга чейин уланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган долбоордун автору Сагын Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда таланттуу адамдар көп болгондуктан долбоор азырынча жабылбайт.

"Азыр райондордун баары катышып бүтө элек, учурда Кыргызстандын жарымына эле жеттик. Дагы эки жылдай тартабыз. Албетте, жакын арада аны өнүктүрүп-өстүрөлү деп жатабыз. Буюрса, жакында Кытайга барып, ал жактагы этникалык кыргыздар арасында да сармерден уюштурсак деген тилегибиз бар", — деди Ниязалиева.

Ал мындан тышкары "Сармердендин" эл ичинде белгилүү болушуна алып баруучулардын да салымы чоң экендигин кошумчалап кетти.

Сагын Ниязалиева менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0