Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулова: шайыр апалар маданиятыбыздын бийиктигин көрсөтүүдө

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭтнограф Айымкан Жаманкулова
Этнограф Айымкан Жаманкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК телеканалынын "Шайыр апалар" долбоору өлкөнүн ар аймагынан келген энелердин талантын ачып, карыларга чоң колдоо көрсөтүүдө. Долбоордун биринчи туру аяктап, учурда экинчи айлампасынын кастинги өтүп жатат.
Жаманкулова: шайыр апалар маданиятыбыздын бийиктигин көрсөтүүдө

"Шайыр апалар" долбоорунун артынан элибизде таланттуу, чыныгы нукуралуулукту алып жүргөн апалар көп экенин биле алдык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Шайыр апалар" долбоорунда калыстар тобунун мүчөсү, этнограф Айымкан Жаманкулова билдирди.

Анын айтымында, кыргызга гана тиешелүү өзгөчөлүктөр айылдык апаларда даана сакталып калган.

"Ар бир облус, райондон келген энелер биз билбеген салт-санааларды көрсөтүп, укпаган макал-лакаптарды айтып жатышат. Мунун өзү кыргыз элинин маданияты бийик экендигин көрсөтүп турат. Долбоордо биз костюмга да аябай маани беребиз. Себеби улуттук кийимдин да нукуралуулугун жоготпоо керек. Кээ бири чокчойгон элечек, айрымдары жаш келиндей болуп ачык түстөгү көйнөктөрдү кийишет. Бул туура эмес. Анткени аларды көргөндө жаш келинди эмес, чыныгы кыргыздын байбичесин көргөндөй болушубуз керек", — деди Жаманкулова.

Ал ошондой эле долбоор көптөгөн энелердин ырдап, сахнага чыксам деген кыялын ишке ашырып жатканын да кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0