Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назира Аалы кызы: таланты көмүскөдө жаткан апалар көп экен

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульПродюсер студии "Ибарат" Назира Аалы кызы
Продюсер студии Ибарат Назира Аалы кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК телеканалындагы "Шайыр апалар" долбоорунун экинчи айлампасы башталып, ага кастингден өткөнү өлкөнүн булуң-бурчунан улгайган апалардан түзүлгөн 60га чукул топ келген. Алардын ичинен иргелип отуруп 25и гана эфирге чыгууга тандалып алынат.
Назира Аалы кызы: таланты көмүскөдө жаткан апалар көп экен

Таланты көмүскөдө жаткан өнөрлүү апалар өлкөдө көп экен. Алар буга чейин кайда жүргөн деп да таң каласың. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Шайыр апалар" долбоорунун автору Назира Аалы кызы билдирди.

Анын айтымында, долбоордун биринчи туру аяктагандан кийин экинчиси качан башталат деп сурагандар көп чыгып, таланттуу апалар жер-жерлерден чала баштаган.

"Карылардын коомдогу ролун, ордун көтөрүү биздин негизги максат болду. Анткени биздин апалар көбүнчө үйдө отурат. Балдары да апасын кыймылдатпай төрдө балпайтып багат. Андан көрө алар ушундай сынактарга катышып маанайын көтөрүп бүгүн бийлейм, бүгүн ырдайм деп жүргөнү жакшы да. Эми улуу муундун кыймылы башталды. Ал тургай маданият министри Түгөлбай Казаков "эр болсоңор апаларды токтотуп көргүлө" деди. Мейли, эч качан токтобосун. Апалар үйдө отурбай ырдасын, маанайын көтөрсүн", — деди Аалы кызы.

Ал ошондой эле долбоордун арты менен түзүлгөн айрым таланттуу апалар топтору жер-жерлерди кыдырып концерт кое баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0