Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: жети ай ичинде Кыргызстанда эки миңге жакын өрт чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовИсполняющая обязанности начальника пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Исполняющая обязанности начальника пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын жети айында эң көп өрт чыккан жерлердин үчтүгүнө Чүй облусу (553 өрт), Бишкек шаары (360 өрт) жана Ош облусу (181 өрт) кирди
Шерипова: жети ай ичинде Кыргызстанда эки миңге жакын өрт чыкты

Кыргызстанда быйылкы жылдын жети айында 1852 өрт кырсыгы катталганын ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова Sputnik агенттигине билдирди.

"Былтыркы жылдын ушул маалына 1843 өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен келип материалдык чыгым 263 миллион сомдон ашты. Ал эми тилсиз жоодон каза болгон 39 адамдын бирөө жаш бала. Жабыркагандардын саны 19га жетсе, алардын ичинен үчөө жаш балдар. Өрттөн 47 адамдын өмүрү жана 667 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган", — деди Шерипова.

Анын айтымында, өрттүн негизги себептери катары отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (39,3 пайыз), электр жабдууларын колдонуудагы шалаалылык (35,9 айыз), мештерди жана морлорду туура эмес пайдалануу (9,2 айыз), балдардын от менен ойноосу (7,0 пайыз) себеп болгон.

Өрт эң көп чыккан жерлердин сап башында Чүй облусу (553 өрт), Бишкек шаары (360 өрт) жана Ош облусу (181 өрт) кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0