Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанова: региондорго салынчу чакан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат

© Фото / предоставлено Интерньюс Нетуорк КыргызстанРуководителя пресс-службы ГИК Зирек Асанова
Руководителя пресс-службы ГИК Зирек Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет ар бир региондун борборуна эконом-класстагы үйлөрдү салуу үчүн курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, документтерди даярдап жатат
Асанова: региондорго салынчу чакан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат

Бул милдетти өз мойнуна алган "Мамлекеттик ипотекалык компания" (МИК) АККсы үйлөрдүн сапаттуу жана бардык талаптарга жооп бере тургандай курулушуна көзөмөл жүргүзөрүн мекеменин маалымат катчысы Зирек Асанова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Ар бир облустун борборунда курула турган беш кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот. Алардын 30у эки бөлмөлүү, 30у бир бөлмөлүү болмокчу. Үйлөрдү курууда ар бир курулуш материалынын сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Аймактардын тоолуу жана дагы башка географиялык жагдайларын эске алуу менен сейсмикалык туруктуу имараттарды салууга басым жасалат", — деди Асанова.

Мындай кадамдын негизги максаты — жарандарды үй менен камсыздоо жана компаниянын турак жай фондусун түптөө.

Маалыматка караганда, МИК 2020-жылдын аягына чейин 130 миң чарчы метр турак жай курууну пландаштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0