Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдарбекова: автобекеттеги жер алдындагы өтмөктүн ремонту бир айда бүтөт

© Фото / Улукбек ШамбетовИсполняющая обязанности пресс-секретаря мэрии Бишкека Перизат Айдарбекова
Исполняющая обязанности пресс-секретаря мэрии Бишкека Перизат Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын билдиришинче өтмөктүн вентиляциялык системасы оңдолуп бүтүп, шыбак иштери башталды.
Айдарбекова: автобекеттеги жер алдындагы өтмөктүн ремонту бир айда бүтөт

Чыгыш автобекетинин жанындагы жер алдындагы өтмөктү ремонттоо бир ай ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, реконструкция иштери аяктап калды.

"Учурда жумушчулар жарыктандыруу жана вентиляциялык системасын оңдоп бүтүп, шыбак иштерин башташты. Буюрса бир ай ичинде ремонт иштери бүтүп калат", — деди Айдарбекова.

Ал мындан тышкары мэрия Чүй-Абдрахманов жана Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөрдү дагы оңдоп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0