Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байгазиев: Нарын районунда жүздөгөн гектар жерлер катталбай калыптыр

© Sputnik / Нурзада МукашеваЖерге жайгаштыруу экспедициясынын башчысы Мухамед Байгазиев
Жерге жайгаштыруу экспедициясынын башчысы Мухамед Байгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерге жайгаштыруу экспедициясынын жетекчиси жер сегиз категория боюнча катталып жатканын айтты.
Байгазиев: Нарын районунда жүздөгөн гектар жерлер катталбай калыптыр

Нарын районунда жүздөгөн гектар жерлер катталбай калган. Бул тууралуу Жерге жайгаштыруу экспедициясынын башчысы Мухамед Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, 24 жылдан кийин жүрүп жаткан жерди инвентаризациялоодо айдоо аянттары, жайыт, калктуу конуштар, өнөр жай, суу-токой фондулары жана кен байлыктар чыккан аймактар жаңы картага түшүрүлүүдө.

"Иштин жүрүшүндө мурда катталбай калган жүздөгөн гектар жерлер аныкталып, айырма чыгууда. Буга чейин мамлекеттик каттоо кызматы башка эсеп чыгарса, айыл өкмөттөр башкача эсептеп келишкен. Андыктан кайтадан барын жасоого туура келүүдө", — деди ал.

Байгазиев сегиз категория боюнча жерди каттоо жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0